НАРЫН ШААРЫНДА ЖАӉЫ КОДЕКСТЕР ТАЛКУУЛАНДЫ

Бүгүн Нарын шаардык мэриясында жыйын ɵткɵрүлүп, 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнɵ кирген Кыргыз Республикасынын Бузуулар, Жоруктар, Жазык-аткаруу кодекстери боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан коомчулукка кеӊири маалымат берилди.

Жыйын суроо-жооп иретинде ɵткɵрүлүп, коомчулуктун ɵкүлдɵрү жаӊы кодекстер боюнча ой-пикирлерин билдирип, суроолорго жооп алышты. Укук коргоо кызматкерлери тарабынан кодекстерди 1-апрелге чейин жамааттарда талкуулап, айрым беренелерге ɵзгɵртүүлɵрдү жана толуктоолорду киргизүүгɵ болоору айтылды.

Маалымат үчүн айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Бузуулар, Жоруктар жана Жазык-аткаруу кодекстери үстүбүздɵгү жылдын 1-январынан баштап күчүнɵ кирип, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жɵнүндɵ кодекси күчүн жоготту деп табылган. Бузуулар кодексине ылайык айрым укук бузууларга карата айыппулдардын ɵлчɵмү бир нече эсе жогорулаган. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 21-декабрындагы №603-токтому менен Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү жɵнүндɵ Жобо бекитилген.

Нарын шаардык Кеӊешинин IV чакырылышындагы кезектеги XIX сессиясынын №3-токтому менен Бузуулар жɵнүндɵ иштерди кароо боюнча Нарын шаардык комиссиясы тууралуу Жобо жана комиссиянын курамы бекитилип, 2019-жылдын 8-январында аталган комиссиянын биринчи отуруму болуп, комиссиянын тɵрагасы, катчысы дайындалган.

Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары Бузуулар кодексинен 27 берене боюнча бузуулар жɵнүндɵ иштерди кароого укугу бар. Алар: Кɵп батирлүү турак-үйлɵрдүн жалпы мүлкүнүн элементтерин ɵзүм билемдик менен пайдалануу (66-б), Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, ɵрттɵɵ (71-б), Суу түтүгүнүн, канализациянын жана борбордук жылытуу тутумунун инженердик тарамдарынын жана курулмаларынын бүтүндүгүн бузуу (72-б), Жылытуу системасынын ысык сууну (жылуулук булагын) ɵзүм билемдик менен алуу (76-б), Бɵлүнүп берилген же бекитилген жер тилкесин ɵзү билемдик менен кеӊейтүү (96-б), Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу (293-б), Ыйгарым укуктуу органга маалыматтарды, отчетторду берүү тартибин бузуу (294-б) жана башка беренелер.

Жыйынга катышкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов: “Ар бир нерсе жаӊы башталганда кемчиликтер болбой койбойт. Кодекстерге 1-апрелге чейин алымча, кошумча, толуктоолор киргизилет. Бардык жамааттар кодекстерди карап чыгып, таанышып, талкуулап, толуктоолорду киргизгенге сунушубузду берели. Кыргызстандын чек арасынан чыкканда эле башка ɵлкɵнүн тартибин сактап калбай ɵз ɵлкɵбүздɵ да тартипти орнотолу. Аӊ-сезимибизди, маданиятыбызды кɵтɵрɵлү. Бул нерсени бала-бакчаларда, мектептерде тарбияланып жаткан балдарыбызга сиӊирели”,-деген пикирин билдирди.

Добавить комментарий