НАРЫН ШААРЫНДА ЖЕКЕ ИШКЕРЛЕР КӨМҮР ОТУНУН АВТОУНААЛАР МЕНЕН КЫДЫРЫП САТЫШУУДА

Нарын шаарынын элин көмүр отун менен камсыз кылуу боюнча жеке ишкерлерге көмүр кампаларын уюштуруп берүү үчүн шаардын төрт жеринен мэрия тарабынан жер аянттары сунушталган.

Натыйжада шаардын  Жаңы-Жол аймагында, Ленин көчөсүндөгү “Курулуш материалдары” базарында, Ленин 104-үйүнүн эски отканасынын короосунда жана эски РТСтин короосунда көмүр отун кампалары уюштурулду.

Бүгүнкү күндө Ипподром аймагындагы Ленин/Ак-Мөөр көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндө көмүр отуну сатылып жатат. Мындан сырткары жеке ишкерлер автоунаалары менен кыдырып сатуу, жеткирип берүү иштерин жүргүзүшүүдө. Анын бир кабы 200 сомдон, ал эми тоннасы 3 миң 500 сомдон сатылууда. Ал эми жеке ишкерлер тарабынан кɵмүр отунун тартып келүү иштери улантылууда.

Добавить комментарий