Нарын шаарында жолбун иттерди атуу өнөктүгү башталды

Нарын шаарында ит, мышыктардан жугуучу ооруларга бɵгɵт коюу жана алдын алуу максатында, жолбун иттердин санын азайтуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Мэриянын буйругуна ылайык мергенчилик чарба менен келишим түзүлүп, жолбун иттерди атуу иштери уюштурулууда.

Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 216 миӊ 672 сом акча каражаты бɵлүнүп, ага 1 миң 200 жолбун иттерди атып жок кылуу иштери башталды. Бүгүнкү күнгө карата 120 дан ашык ит атылып жок кылынды.

Нарын шаардык ички иштер бɵлүмү иттерди атып жок кылуу учурунда коопсуздукту сактоо үчүн мергенчилерге кɵмɵк кɵрсɵтɵт. Ал эми шаар тургундары жолбун иттер көп жүргөн жерлер боюнча мергенчилер коомуна же “Таза-Нарын” ишканасына маалымат берсе болот.

Белгилей кетсек, былтыркы жылы шаардын бюджетинен 170 миӊ сом каражат бɵлүнүп, миңге чукул жолбун ит атылган.

Добавить комментарий