НАРЫН ШААРЫНДА ЖОЛБУН ИТТЕР ЖОК КЫЛЫНДЫ

2019-жылдын декабрь айында Нарын шаарында ит, мышыктан жугуучу оорулардын (кутурма, эхиноккоз) тарап кетишине бөгөт коюу жана алдын алуу максатында жолбун иттер атылды.

Бул ишти Нарын шаардык муниципалдык “Таза Нарын” ишканасы мергенчилик чарба менен келишим түзүп, жолбун иттердин атылышын уюштуруп, көмөк көрсөтүлүп, атылган жолбун иттер “Карга-Жайлоо” таштанды төгүүчү жайга көмүлдү.

Жүргүзүлгөн иш аракеттердин натыйжасында шаар боюнча жалпы 720 жолбун ит жок кылынды. Анын ичинде 35 мышык жана 8и чөө.

Эске салсак, КРнын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Нарын райондук башкармалыгынын маалыматына ылайык, жолбун иттерди жок кылуу кыш айларында жүргүзүлөт. Себеби, ушул мезгилде күн суук болгонуна байланыштуу ит мышыктан жуугучу оорулар эч кайда тарабай, жок кылынат.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий