НАРЫН ШААРЫНДА ЖОЛ КЫЙМЫЛЫН ТАРТИПКЕ КЕЛТИРҮҮ АРАКЕТИ КѲРҮЛҮҮДѲ

Нарын шаарындагы жол кыймылын жɵнгɵ салуу максатында М. Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу академиялык драма театрынын тушундагы В. И. Ленин кɵчɵсү менен А. Шуллер кɵчɵсүнүн кесилишине бир комплект жол чырагы коюлду.

Ошондой эле базардын айланасына 26 даана жол белгиси жол чийиндери менен орнотулууда.

Шаардын жергиликтүү бюджетинен жол чырагы үчүн 340 миӊ сом, ал эми жол белгилерине 192 миӊ сом бɵлүнүп, «Таза Нарын» ишканасы тарабынан жумуштар аткарылды.

Андан сырткары жакынкы күндɵрдɵ жɵɵ адамдардын кыймылын тартипке келтирүү максатында театрдын тушуна темир тосмолор коюлат. Бул аракет жɵɵ адамдардын баш аламан кыймылын жɵнгɵ салып, жол чырактан ɵтүүсүн шарттамакчы. Темир тосмолорду коюу үчүн жергиликтүү бюджеттен 230 миӊ сом каражат жумшалат.

Добавить комментарий