Нарын шаарында жылдын мыктылары аныкталды

28-декабрда Нарын шаардык мэриясы жана Депутаттардын Нарын шаардык Кеӊеши тарабынан шаардагы мекеме-ишканалар арасында жыл жыйынтыгы чыгарылып,  мыктылар аныкталды.

Майрамдык фуршет үстүндɵ ɵткɵрүлгɵн бул иш чарага шаардагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып,  аларга жергиликтүү бийлик ɵкүлдɵрү тарабынан сый-урмат кɵрсɵтүлдү.

Майрамдык каалоо-тилегин айткан шаар мэри Эмилбек Алымкулов ɵз сɵзүндɵ: «Быйылкы жылды Нарын шаары жакшы жетишкендиктер менен узатып жатабыз. Жыл башында бекитилген Ѳнүктүрүү программасынын негизинде сиздер менен бирдикте бир топ иштерди жүзɵгɵ ашырганга үлгүрдүк. Бүгүнкү максатыбыз ушул жыл бою жасалган иштерге баа берип, мыкты иштегендерди атап, мындан аркы ишиӊиздерге аз да болсо дем берүү»,-деп билдирди. Муну менен катар шаар мэри ɵтүп бараткан жыл мамлекетибиз үчүн үзүрлүү жылдардан болгонун, эӊ негизгиси эли-жерибизде тынчтык болуп, жаӊы ажобузду шайлап алганыбызды, кыргыз эли келерки жылды дагы чоӊ үмүт-тилек менен күтүп жатканын, келе жаткан жыл Нарын шаары үчүн да жɵнɵкɵй жылдардардан эместигин, себеби шаардын түптɵлгɵнүнɵ 150 жыл толоорун белгилеп, жалпы эли-журтубузга ийгиликтерди каалады.

Депутаттардын Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Жыргалбек Ботоканов да майрамдык куттугун жолдоп, жаӊы жыл акжолтой, токчулуктун, молчулуктун жылы болуусун тилек кылды.

Иш чарада «Мыкты мекеме», «Мыкты мекеме жетекчиси», «Мыкты мектеп», «Мыкты бала бакча», «Мыкты жаӊы жылдык жасалгалоо» номинациялары боюнча 1-2-3-орундар менен аныкталган жеӊүүчүлɵргɵ Ыраазылык дипломдор жана акчалай сыйлыктар салтанаттуу кырдаалда тапшырылды.

Назгүл Мүсүралиева, Нарын шаардык мэриясынын пресс-катчысы.

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий