НАРЫН ШААРЫНДА ЖЫЛУУЛУК МЕНЕН КАМСЫЗДОО ИШКАНАСЫНЫН АБОНЕНТТЕРИНЕ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Нарын шаарындагы жылуулук үчүн ири карыздары бар көп кабаттуу турак-үйлөргө жана мекеме, ишканаларга карызын төлөп бүтмөйүн жылуулук берилбеши мүмкүн. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Маселе боюнча кечээ, 23-октябрда Нарын шаарынын 1-вице-мэри Н.Молдокадыров, жылуулук менен камсыздоо ишканасынын жетекчиси У.Айтиев, тиешелүү кызматкерлер жана массалык маалымат каражаттары менен биргеликте көп кабаттуу турак-үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Андагы жашоочулар төрт-беш төлөбөгөн батир ээлеринин айынан башка карызы жок тургундарга залакасы тийип жатат деген дооматтарын билдиришти.

Мындан сырткары карызы өтө көбөйүп кеткен батирлерге рейд жүргүзгөн учурда бекинип алып ачпай, эшикке чыкпай койгон, ошол эле убакта дароо төлөп берген учурлар да болду.

1-вице-мэр Н.Молдокадыров рейддин жүрүшүндө жылуулук үчүн төлөмдөрдү төлөбөй келген үйлөрдүн жылуулук түтүктөрү кесилип, жылуулук системасынан ажыратылаары айтып, жаралып жаткан көйгөйлөр боюнча мэриянын алдындагы админкомиссия тарабынан администрациялык укук бузууларды жасаган батир ээлерине карата администрациялык таасир көрсөтүү чаралары колдонула тургандыгын эскертти.

Ошондой эле жылуулукту пайдаланып бирок убагында төлөбөй, карызы көбөйүп кеткен жарандардын тизмеси массалык маалымат каражаттары аркылуу жарыяланат деп билдиришти жылуулук менен камсыздоо ишканасынын кызматкерлери.

 

Добавить комментарий