Нарын шаарында Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин жаңы имаратынын курулуш иштери башталды

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын шаарында Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин жаңы имаратынын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет

Бүгүн 28-мартта шаардын борбордук аянтынын жанынан орун алган  аянтчада аталган  мектептин курулушуна капсула салуу аземи өтүп, ага КР ЖК депутаттары Ч.Турсунбеков, А.Кулбараков, Ж.Мусабековалар,  Ѳкмɵттүн облустагы  ɵкүлү А.Кайыпов, шаар мэри Р.Адиев, КР маданият жана маалымат министрлигинин өкүлдөрү, мектептин жалпы жамааты, ата-энелер, шаардык мекеме ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышышты.

Курулуш иштерин мамлекеттик бюджеттеги капиталдык салымдар аркылуу бөлүнгөн  47 млн. 242 миң 900 сомго «Имарат  Прогресс» ЖЧКсы ишке ашырат. Мектеп менен чогуу жылуулукту камсыз кылуучу от казан жайгашкан жертөлөсү менен 3 кабаттуу мектеп курулат.

Маалымат үчүн айтсак, учурда бул мектепте 213 окуучу баян, фортепиано, чоор, сыбызгы жана комуз бөлүмдөрүндө билим алышып, 24 мугалим эмгектенет. Окуу мөөнөтү 5-7 жыл.

Мектептин мурунку имараты 1938-жылы кадимки билим берүү мекемеси катары салынып, андан бери бир да жолу капиталдык оңдоп-түздөөдөн өткөрүлгөн эмес, имарат авариялык абалга келип, кулап калуу коркунучун жаратып келген. Имарат орто мектепке ылайыкталып, атайын музыкалык ийримдерди өткөнгө шарттар жок болгондуктан, искусство мектебинин жамааты жана окуучулары атайын шарт түзүлгөн имаратка муктаж болуп келген.

Добавить комментарий