НАРЫН ШААРЫНДА ЗАМАНБАП СПОРТ КОМПЛЕКСИ АЧЫЛДЫ.

Бүгүн Нарын шаарында «Газпром» компаниясынын «Газпром-балдарга» долбоорунун алкагында курулган заманбап спорт комплексинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп ɵттү.

Шаар элин, айрыкча спорт сүйүүчүлɵрдү кɵптɵн күттүргɵн бул саамалыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышты.

Мамлекет башчысы нарындыктарды жаӊы спорт комплексинин ачылышы менен куттуктап, бул жерден спорттук бийиктиктерди багынтып, Кыргызстанды дүйнɵлүк аренада даӊазалаган спортчулар тарбияланып чыгышын каалады.

Сооронбай Жээнбеков мындай мүмкүнчүлүк түзүп берген «Газпром» компаниясына жана россиялык ɵнɵктɵштɵргɵ ыраазычылык билдирүү менен бирге аталган компания ɵлкɵбүздү күйүүчү май жана жаратылыш газы менен камсыздап, Кыргызстандын экономикасына 30 миллиард сомдон ашык инвестиция салганын, бюджетке салык түрүндɵ 42 миллиард сомдон ашык каражат тɵлɵгɵнүн, 10 миӊге жакын кыргызстандыктар бул компаниянын түзүмдɵрүндɵ иштеп жатышкандыгын, «Газпром-балдарга» долбоорунун алкагында ɵлкɵбүздүн бардык аймактарында заӊгыраган спорт комплекстер жана азыркы кезде 960 окуучуга эсептелген заманбап мектеп курулуп жатканын баса белгиледи.

«Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Болот Абилдаевдин айтымында, спорт комплексинин ачылышы Нарындагы жаштардын спортко болгон кызыгуусун, даярдыгын жакшыртып, потенциалын кɵтɵрɵт. Кыргызстанда 9 аймакта мындай спорттук жайлар курулса, келечектес алардын санын 16га жеткирүү планы бар.

Дене тарбия жана ден соолукту чыӊдоо комплекси бүгүн ɵлкɵ башчысы баштаган кɵптɵгɵн конокторго жана шаар тургундарына эшигин ачты. Мында спорттун кичи футбол, баскетбол, волейбол, теннис, бокс, күрɵш түрлɵрү боюнча машыгууга жана мелдештерди ɵткɵрүүгɵ бардык ыӊгайлуу шарттар түзүлгɵн.

Добавить комментарий