Нарын шаарында инвест-форум өткөрүү пландалууда

Ички инвесторлордун жардамы менен чакан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Нарын шаарында жакынкы айларда инвест-форум өткөрүүнү шаар мэри Э.Алымкулов демилгелеп жатат.

Нарын шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган долбоорлорду даярдоо зарыл экендигин  бүгүн, 13-февралда өткөн кеңешмеде мэр белгилеп, Нарын эркин экономикалык аймагынын өкүлдөрүнүн, архитекторлордун жана башка тиешелүү кызматкерлердин катышуусунда шаарды көрктөндүрүү  боюнча долбоорлор талкууланды.

Ошондой эле шаардын көркүн бузуп жаткан жарнамалык такталарды жана Раззаков, борбордук Ленин көчөлөрүнүн боюнда жайгашкан соода-күркөлөрдү ирээтке келтирип, мыйзамга ылайык иш алып баруу боюнча шаардык муниципалдык менчик департаментинин башчысы М.Мамбетакуновго тапшырмалар берилди.

Добавить комментарий