НАРЫН ШААРЫНДА ИПОТЕКАЛЫК ТУРАК ЖАЙ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛЕТ

Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн «Арзан турак жай-2015-2020” программасынын алкагында бюджеттик мекемелердин кызматкерлери үчүн курулуп жаткан 5 кабаттуу 60 батирлүү турак үй пайдаланууга берилүү алдында турат.

Курулуш иши 2017-жылдын 8-сентябрында башталып, ОсОО “Минур” ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдɵ.

Батирлердин жалпы саны 60, анын ичинен 30 батир бир бɵлмɵлүү, 30 батир эки бɵлмɵлүү.

Жалпы жашоого туура келген аянты 2640 чарчы метр.

Батирлердин ремонту даяр, коммуникациялык шарттары (жылытуу, ысык, муздак суу, канализация системалары) бар.

Ипотекага берүү шарттары ипотекалык компания тарабынан иштелип чыккан.

Батирдин 1 чарчы метринин баасы 40 миӊ сом.

Бир бɵлмɵлүү батирдин жалпы баасы 1 миллион 484 миӊ, ал эми эки бɵлмɵлүү батирдин баасы 2 миллион 036 миӊ сомду түзɵт.

Ижаранын пайыздык чени жылдык 6%.

Мɵɵнɵтү 15 жыл.

Бир бɵлмɵлүү батирге ай сайын тɵлɵнүүчү тɵлɵм 12 523, эки бɵлмɵлүү батирге 17 181 сом болот.

Ипотекалык үйлɵрдү бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлер ала алышат.

Үй алууну каалагандар Нарын шаардык мэриясынын Ѳнɵр жай жана курулуш бɵлүмүнɵ кайрылып, 5-14-45, 5-14-43 байланыш номерлери аркылуу маалымат алсаӊыздар болот.

Добавить комментарий