Нарын шаарында кɵмүр отунун тартып келүү жана сатуу иштери улантылууда

2014-жылдын 19-ноябрына карата Нарын шаарында уюшулган жети кɵмүр отун базалардын алтоосунда, мындан сырткары  шаардын базарында, жеке үйлɵрдɵ сапатына, ордунан алуу же жеткирип берүү жана унаа менен кыдырып сатуу шартына жараша, 3 миӊ сомдон 4 миӊ сомго чейин кɵмүр сатылууда. Бул тууралуу нарын шаардык мэриясынын маалымат катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Кɵмүр отун базалардагы кɵмүрдүн кɵлɵмү тɵмɵндɵгүдɵй:

  1. РТС аймагы Молдоев кɵчɵсү, «Айдай» дүкɵнү -25 т.
  2. РТС аймагы, эски РТС кампасы – 20 т.
  3. Борбор аймагы, Айгыр-Жал 21 – 10 т.
  4. Борбор аймагы, Мамбетакунов №5 – 12 т.
  5. Ипподром аймагы, «Кенч строй» ЖЧКму -100 т.
  6. Кɵтɵрмɵ аймагы А.Бактыгулов кɵчɵсү -60 т.

Ошондой эле Нарын шаарындагы облустук, шаардык, райондук мекеме-ишканалар тарабынан жеринен тартып келүү жолу менен 1600-2800 сомго чейинки баадагы кɵмүр менен кызматкерлер камсыз болууда.

Ал эми кɵмүр тартып келүү жана сатуу иштери дагы да болсо улантылууда.

  

Добавить комментарий