Нарын шаарында кайдыгерликке каршы жүрүш унаа кербени уюштурулду

Нарын шаарында бүгүн, 18-октябрь күнү «Кайдыгерликке каршы жүрүш» акциясы өткөрүлдү.

Акция Нарын шаарындагы балдардын укугун коргоо боюнча ата-энелердин коомдук бирикмеси тарабынан 20-октябрь БУУнун күнүнө карата Жаңырык улуттук тармагынын демилгеси менен шаардагы Кадам реабилитациялык борборундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга камкордук көрсөтүү багытында өткөрүлдү.

Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга коомчулуктун көңүлүн бурдуруу, балдардын ата-энелеринин муктаждыктарына көмөк көрсөтүү менен майыптыгы бар баланы кароо боюнча эненин эмгегин баалоо болгон. Андан тышкары майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияны ратификациялоосу каралган.

Акцияга Нарын облустук өкүлчүлүктөн, шаардык мэриясы, Нарын ОИИБси, облустук оорукана, С.Орозбаков атындагы борбордук китепкана, облустук маданият үйү жана жеке ишкерлердин колдоосунда унаа кербени уюштурулуп ага жалпы 10дон ашык унаа катышып, МАИ кызматкерлеринин коштоосунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар унаа менен шаар аймагын кыдырышты.

Ал эми бул акция жылына өткөрүлүп келет.

 

Добавить комментарий