«Нарын шаарында канаттууларды жана малдарды кармоонун» эрежесинин долбоору шаардык Кеӊештин сессиясында талкууланат – Нарын шаардык мэриясы

Нарын шаардык мэриясынын буйругу менен «Нарын шаарында канаттууларды жана малдарды кармоонун» эрежесинин долбоору иштелип чыгып, ал Нарын шаардык Кеӊешинин  сессиясынын кароосуна сунушталды. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Мал кармап багуунун жобосунда Нарын шаарынын аймагында мал кармап багуунун тартиби, шарттары,  мал кармап багуучулардын укугу, милдеттери жана мал кармап багуунун шарттарын бузгандар үчүн кɵрүлүүчү чаралар каралган.

Ал эми шаардын аймагында мал кармап багуунун шарттарын бузган, малды шаар ичине кароосуз айдап жиберип парктарды, скверлерди жана башка корулуучу жайларды тебелетип, бак-дарактарды сындырган жана  тиричилик таштандыларында жүргɵн малдардын ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдɵ.

Добавить комментарий