Нарын шаарында кароосуз жүргөн малдарды камоо иштери башталды

13-март күнү Нарын шаардык жашылдандыруу мекемеси тарабынан көчө жээктеринде, парк, скверлерде, газондордо жана башка эл эс алуучу жерлерге ээн кое берилген 21 баш ийри мүйүздүү мал жандыктар камоого алынды.

Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы №224 – токтомун, КР административдик кодексинин 166-беренесин жана Нарын шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 10-декабрындагы “Нарын шаарында мал кармап багуунун эрежелерин жөнүндө” №7 – токтомунун негизинде Нарын шаардык мэриянын, мамэкотехинспекциянын, жашылдандыруу мекемесинин, шаардык ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн, аймак башчынын жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн участкалык инспектору тарабынан жеринде акт түзүлүп, мал ээлеринин түшүнүктөрү алынды.Ошондой эле мындан ары камакка түшкөн малдын ээлерине мыйзам чегинде чара көрүлөөрү эскертилди.

Добавить комментарий