НАРЫН ШААРЫНДА КОМСОМОЛ УЮМУНУН 100 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ.

Бүгүн, 25-октябрда Нарын шаарында Бүткүл Союздук Лениндик Комсомолдун Жаштар Союзунун (ВЛКСМ) 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чара ɵткɵрүлүп, комсомол уюмунун тарыхына баа берилди.

Майрамдык иш чарага комсомол уюмунун ардагерлери чакырылып, алардын коом үчүн кошкон салымы даӊазаланды.

Комсомол уюму Совет ɵлкɵлɵрүнүн, анын ичинде, Кыргызстандын миллиондогон улан-кыздары үчүн саясат, үгүт, идеология менен гана чектелбей мекенчилдиктин, жаратман эмгектин, жоопкерчиликтин, кайратмандыктын мектеби болуп бергени, мезгил ɵзгɵрүп, заман алмашканы менен комсомол тарбиялаган чыныгы баалуулуктар сакталып калганы айтылды.

Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова иш чаранын максаты комсомолго мүчɵ болгон мурунку муун менен жаӊы муундун байланышын түзүү, комсомол уюмунун жакшы жактарын бүгүнкү жаштарга сиӊирүү экендигин белгилɵɵ менен ардагерлерге куттук арнап, алардын коомдогу бийик ролун баса белгиледи.

Ардагерлерди куттуктаган Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлчүлүгүнүн бɵлүм башчысы Динара Жунусова Айсалкын Карасартова, Майрам Акматалиева, Жыпар Жээналиева, Ирина Вологина баштаган бир катар комсомол уюмунун ардагерлерине ыйгарым укуктуу ɵкүл Аманбай Кайыповдун Ыраазылык каттарын тапшырды.

Кечеде комсомол уюмунун ардагерлери сезимдери менен бɵлүшүп, мурунку менен азыркыны салыштырган омоктуу ойлорун ортого салышты.

Майрам шаӊын В. П. Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа кɵркүнɵ чыгарды.

Добавить комментарий