НАРЫН ШААРЫНДА КОМУЗ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

9-сентябрь-Кыргыз Республикасынын Комуз күнү.

Өлкө башчысынын Жарлыгы менен быйыл алгач ирет белгиленип жаткан Комуз күнүнө карата Нарын шаарында чоң программадагы маданий иш чара уюштурулду.

Комуз майрамы Турдакун Усубалиев атындагы борборук аянтта комуз кайрыктары менен башталды. Нарын шаарындагы Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин жаш жеткинчектеринен жана мугалимдеринен турган 60 комузчу “Чайкама” күүсүн жогорку чеберчилик менен аткарып беришти.

Маданий иш чараны ачкан Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курманов кыргыз элине таандык улуттук маданий баалуу мурасыбыз болгон комуздун жаралуу тарыхына, уникалдуулугуна, улуу комузчуларга, деги эле комуз өнөрүнүн кыргыз элинин турмушундагы ролуна кенен токтолуп өттү.

Мындан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын райондук мамлекеттик администрация  башчысынын орун басары  Сымбат Аттокурова куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, бул майрамдын мааниси терең экендигин жана кыргыз комузунун улуулугун даңазалашты.

Ж. Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин алдындагы “Кызгалдак-Наристе” бий тобунун “Комузчу” бийи көпчүлүктүн назарын бурду.

Майрам шаңы Нарын шаарынын жана Нарын районунун өнөр ышкыбоздорунун ыр-бийлери, комуз күүлөрү менен коштолуп, жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү.

Борбордук аянтта кечке чейин комуз күүлөрү жаңырды.

Добавить комментарий