НАРЫН ШААРЫНДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

5-май-Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынган күнү.

Кыргыз мамлекетинин тарыхындагы мааниси тереӊ бул күндүн урматына, бүгүн, Нарын шаардык мэриясында жыйын ɵткɵрүлдү.

Анда коомчулуктун ɵкүлдɵрүнɵ адам укуктары жана эркиндиктери тууралуу видео фильм кɵрсɵтүлдү.

Ошондой эле Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова, Нарын шаардык мэриясынын юристи Нуржан Асанбекова, Нарын облустук юстиция башкармалыгынын кызматкери Гүлнара Макешова тарабынан Баш мыйзамыбыздын тарыхы, мааниси, адам укуктары жана милдеттери, алардын корголушу боюнча кызыктуу маалыматтар берилип, Конституцияда белгиленген мыйзамдарды аткарууга чакырык жасалды.

Добавить комментарий