НАРЫН ШААРЫНДА КООМДУК ЖАЙЛАРГА ВИДЕО КАМЕРАЛАР КОЮЛДУ

«Региондорду ɵнүктүрүү жана ɵлкɵнү санариптештирүү» жылынын алкагында Нарын шаарындагы коомдук жайларга, парктарга жана сейил бактарга видео камералар коюлууда.

Бул үчүн Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен 171 миӊ сом бɵлүнүп, 15 видео камера алынып, Жашылдандыруу ишканасынын жумушчулары тарабынан тиешелүү жерлерге орнотулуп жатат.

Эске салсак, буга чейин парктардагы инвентарларды талкалап, уурдап кеткен, бак-дарактарды, гүлдɵрдү сындырган жана башка кɵптɵгɵн жагымсыз жагдайлар болуп келген.

Түзүлгɵн мындай шарт жогорудагыдай коомдук тартипсиздиктерди алдын алат деген ишеничтебиз.

Добавить комментарий