НАРЫН ШААРЫНДА “КООПСУЗДУК-2019” КОМАНДАЛЫК МАШЫГУУ ИШ ЧАРАСЫ БАШТАЛДЫ

Бүгүн, Нарын шаарынын аймагында “Коопсуздук-2019” аталышындагы биргелешкен командалык штабдык жана мобилизациялык машыгуу иш чарасы башталды.

Машыгууга Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башкаруу органдары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аймактык органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Нарын шаардык мэриясы, Нарын, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациялары, облустук, шаардык мекеме-ишканалар тартылды.

25-27-июнь күндөрү өткөрүлүүчү машыгуунун максаты  ар кандай табигый, техногендик  кырсыктарга, массалык баш-аламандык учурларына жана өзгөчө кырдаалдарга карата Нарын облусунун күч түзүмдөрүнүн, атайын кызматтарынын, мекеме-ишканаларынын даярдыктарын текшерүү болуп саналат.

Окуу-машыгуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы тарабынан ар кандай өзгөчө кырдаалдардын (мисалы суунун уулангандыгы, ар кандай стратегиялык обьектилерге кол салуу, өрттөө, массалык баш-аламандык, мекеме-ишканаларга жардыруучу каражаттарды коюу  ж. б.) сценарийлери берилип, тиешелүү кызмат адамдарынын ушундай  кырдаалдардагы биргелешкен аракети жана даярдыгы текшерилип жатат.

Нарын шаарында машыгуу максатында атайын түзүлгөн штаб иш алып барууда. Ошондой эле шаар ичине бүгүнкү күндөн баштап коменданттык саат киргизилип, 26-июндан 27-июнга караган түнү түнкү кайгуул кызматы  көзөмөлдөйт.

Нарын шаарынын тургундарынан болуп жаткан жагдайлардан чочулабай, иш чараларга тоскоол болбой, окуу-машыгууга түшүнүү жана тартипти сактоо менен мамиле кылып берүүлөрүн өтүнөбүз.

Ошондой эле шаар тургундары жарандык паспортторун жанына алып жүрүүлөрү, балдардын коопсуздугуна сак болуулары, айдоочулар жол эрежелерин туура сактап, “өрт өчүрүү”, “тез жардам” жана башка атайын кызматтардын кыймылына тоскоолдук кылбоолору зарыл экендигин эскертебиз!!!

Республикалык деңгээлдеги мындай масштабдуу иш чара Нарын облусунун аймагында биринчи ирет өткөрүлүп жаткандыктан баарыбыз олуттуу мамиле кылууга милдеттүүбүз.

Нарын шаардык мэриясынын маалымат-кызматы.

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий