Нарын шаарындагы жана Нарын районундагы мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин катышуусунда бүгүн, 2-мартта «Коррупция менен күрɵшү — жалпы элдик иш» деген темада тегерек стол өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.
Тегерек столдо Улуттук коопсуздук кызматынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгү берген маалыматка таянсак, 2014-жылы 14 экономикалык кылмыш иши ачыкка чыгып, 4 иш сотко жиберилген. Экономикалык кылмыштын натыйжасында мамлекетке 24 млн 112 миң сом чыгым келип, 10 млн сому кайра кайтарылган.
Бул терегек окшош маселелер айтылып жатканын, тегерек үстөлдүн маани-маңызы жакшы болбой жатканын, ошондой эле Нарын районунун жетекчилери жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери иш-чарага келбегени катышуучулар тарабынан айтылды.
Ал эми окшош жыйындардын көңүлдүү болушу үчүн тегерек үстөлдүн графигин өзгөртүп, башкача түрдө жыйын өтүүнү уюштуруучуларга сунушташты.