НАРЫН ШААРЫНДА КР ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖАМААТТАР КҮНҮ ЖАНА АВТОМОБИЛЬ ТРАНСПОРТУ ЖАНА ЖОЛ ЧАРБА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн, 31-октябрь күнү Нарын шаарында КРнын жергиликтүү жамааттарынын, автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Майрамдык иш чарага калаа башчысы Э.Алымкулов жетектеген мэриянын өкүлдөрү, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ботоканов, депутаттар, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Шаар мэри эки кесиптин ээлерин майрамдары менен куттуктап, шаардын, мамлекеттин өнүгүүсүнө кошкон салымдары чоң экенин билдирди.  Быйылкы жыл жергиликтүү жамаатарынын шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, муктаждыктарын чечүү багытында чечкиндүү аракеттерди көрүшүүдө. Бул ийгиликтердин жаралышына биринчи кезекте жергиликтүү жамааттардын, муниципалдык кызматкерлердин салымы чоң экендигин шаар мэри белгиледи.

Ошондой эле, шаар чарбасынын негизги тармагын түзгөн автомобиль транспорту жана жол чарба тармагынын кызматкерлерин кызуу куттуктап, шаар элине көрсөтүп жаткан кызматтары үчүн  ыраазычылыгын айтты.

Иш чаранын жүрүшүндө Нарын шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилишине кошкон бараандуу салымдары жана КРнын жергиликтүү жамааттар күнүнө карата, ошондой эле, шаардын калкына сапаттуу кызмат көрсөтүүгө кошкон салымы, транспорт тармагындагы ак ниет эмгеги үчүн автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлерине Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары, Ыраазычылык каттары тапшырылды.

Мындан сырткары, айрым кызматкерлерге КР Ѳкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин сыйлыктары ыйгарылды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү даталуу күнгө арналган иш чарада Нарын шаарынын коомдук турмушуна активдүү катышып, жигердүү салымын кошуп келген коомдук уюмдардын, бирикмелердин өкүлдөрү жана ар кандай тармактын өкүлдөрү сыйланды.

Добавить комментарий