Нарын шаарында КР Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгɵндүгүнүн 15 жылдыгы жана КР куралдуу күчтɵрүнүн күнү белгиленди

 

Бүгүн Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгɵндүгүнүн 15 жылдыгы жана удаа келген 29-май Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтɵрүнүн күнү  белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Иш чаранын биринчи бɵлүгү борбордук «Теӊир-Тоо» аянтында, Тайлак-Баатыр атындагы Нарын чек ара кошуунунун  ɵздүк курамындагы 30 жоокерлердин салтанаттуу аскердик ант берүү аземи менен башталды. Ага облус, шаар, район башчылары,  чек ара жана аскер кызматкерлери, ардагерлери катышышты.

Аянттагы аземдин жүрүшүндɵ 2025 аскер бɵлүгүнүн “Бɵрү” атайын дайындалган кошуунунун ɵздүк курамы кол уруш боюнча эрежелерди жана жаш жоокерлердин “Курал менен саптык” кɵнүгүүлɵрүн кɵрсɵтүштү.

Ал эми майрамдын экинчи бɵлүгү “Жаштар ордосунун” жыйындыр залында улантылып,  анда чек арачылар жɵнүндɵ чакан видеоролик кɵрсɵтүлүп, Ѳкмɵттүн облустагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн биринчи орун басары К.Асизов куттуктоо сɵзүн айтып, чакан сыйлыктарын тапшырды.

Кийинки куттуктоо сɵз кезеги  шаар мэри Б.Жээналиевге берилип, ал “ар бир эр — азамат үчүн Ата мекен коопсуздугун, журт тынччылыгын коргоодон өткөн ыйык милдет жок. Өлкөнүн коопсуздугун коргоо иши өтө жоопкерчиликтүү жана коомчулук тарабынан кадыр-баркка ээ” экендигин белгилеп, мына ушундай ардактуу кызматты аркалап, мекенибиздин тынчтыгы үчүн кызмат өтөп жаткан чекарачыларды жана мекен сакчыларды майрамы менен куттуктады.

Ошондой эле Ата Мекенге ак кызматын аркалап, ɵз кызматтык милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарышкан айрым чекара жана аскер кызматкерлери  Ардак грамота жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

 

 

Белгилей кетсек, чек ара аскерлеринин коллективдери менен ɵз ара ишеним атмосферасын жана мамилелерди чыӊдоо, аларга ар тараптуу  колдоо кɵрсɵтүү максатында, ɵз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан Нарын шаарындагы № 2025 «Тайлак Баатыр» атындагы чек ара аскер бɵлүгүнɵ шефтик жардамдар кɵрсɵтүлдү.

 

Добавить комментарий