НАРЫН ШААРЫНДА «КУЛАТУУ ЭР ТАЙМАШ» БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШ ѲТКѲРҮЛҮҮДѲ.

Бүгүн Нарын шаарында старт алган спорттун «Кулатуу Эр таймаш» түрү боюнча эл аралык мелдешке Казакстандан, Ѳзбекстандан, Тажикстандан жана Кыргызстанды аймактарынан мушкерлер келишти.

Иш чара кечке жуук борбордук аянтта салтанаттуу ачылып, спортчуларды таразага тартып, ɵзүнүн салмагындагы атаандашы менен тааныштыруу жɵрɵлгɵсү жасалды.

Бүткүл дүйнɵлүк «Кулатуу Эр таймаш» федерациясынын Президенти, Теӊир Тоонун кулуну Руслан Кыдырмышовдун айтымында, мелдештин максаты спортту ɵнүктүрүү. Дүйнɵнүн ар кайсы ɵлкɵлɵрүндɵ 59-ирет ɵткɵрүлүп жаткан эл аралык мелдештин Нарын жергесинде уюштурулганы теӊиртоолуктар үчүн чоӊ сыймык.

Мелдешти ɵткɵрүүгɵ «Кулатуу Эр таймаш» федерациясынын Нарын облусу боюнча Президенти, «Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов демɵɵрчүлүк кылууда.

Эл аралык мелдеш эртеӊ, 4-августта кечки саат 18. 00до Нарын шаарындагы Ала-Тоо стадионунда башталат. 18 беттеш болуп, тɵрт мамлекеттин 36 мушкери күч сынашат. Мелдеш ушул эле күнү аяктайт. Спорт күйɵрмандары үчүн кызыктын баары алдыда!!!

Добавить комментарий