Нарын шаарында «Кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө» карата иш-чара өткөрүлдү

Иш чара борбордук аянтка Нарын облустук медициналык, Кургак учукка каршы күрөшүү борборлорунун кызматкерлеринин, студенттердин, “Кызыл Жарым Ай” коомунун өкүлдөрүнүн жөө жүрүшү менен башталды.

Акция катышуучулары  “Кургак учукту токтотобуз”, “Дени сак улут — дени сак мамлекет”, “Кургак учук айыгат” деген ураандарды көтөрүп, жалпы тобу менен чакырыктарын жар салып кайталап жатышты. Ошондой эле каалоочулар арасында кросс-аралыкта чуркоо мелдеши уюштурулду.

Иш чаранын жүрүшүндө “Кургак учукка каршы күрөшүү” темасына карата көрүнүш аткарууга жана чакырыктар сынагынын, кросстун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр “Кызыл Жарым Ай” коому жана Кургак учукка каршы күрөшүү борбору тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты.

Акциянын соңунда “Кызыл Жарым Ай”  коомунун волонтерлеру даярдаган  флеш-моб тартууланды.

Белгилей кетсек, акция убагында шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан коомдук коопсуздукту сактоо чаралары көрүлүп, жол кыймылы убактылуу токтотулду.

Бүгүнкү 24 — март  “Кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө” карата акция кургак учуктун алдын алуу боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу, өз учурунда дарыгерлерге кайрылуу жана кургак учук менен жабыркаган адамдар менен катар алардын жакындарына карата жасала турган кодулоо, басмырлоо өңдүү факторлорго бөгөт коюу максатында уюштурулду.

Ал эми 2017-жылдын 2 айында 18-80 жашка чейин   кургак учук оорусу менен  облуста 26 учур катталса, анын ичинен 4 адам Нарын шаарында катталган.

 

Добавить комментарий