НАРЫН ШААРЫНДА КУРУЛУШЧУЛАРДЫН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн Нарын шаардык мэриясында Кыргыз Республикасынын куруучуларынын күнүнө карата майрамдык иш чара өткөрүлүп, Нарын шаарынын инфраструктурасынын жакшырышына жана обьектилердин курулушуна салым кошуп жаткан курулуш тармагынын кызматкерлерине жана курулуш ишканаларынын өкүлдөрүнө урмат-сый көрсөтүлдү.

 

Иш чараны ачкан Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курманов курулушчулардын бүгүнкү күндөгү маанилүү ролун баса белгилеп, аларга жакшы тилектерди арнады.

 

Майрам ээлерин Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Алмазбек Мамыров жана Нарын шаарынын депутаты Сталбек  Мукамбетов да  куттукташты.

 

Салтанаттуу жыйында майрам ээлерине Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары, Ыраазычылык каттары жана баалуу белектери ыйгарылды.

 

Ошондой эле Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын сыйлыктары тапшырылды.

Добавить комментарий