НАРЫН ШААРЫНДА КЫЗМАТТЫК ТУРАК ҮЙЛѲР ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ.

 

Бүгүн, 24-октябрда Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) жана Ѳзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин (ѲКМ) кызматкерлери үчүн мамлекет тарабынан курулган 24 батирлүү турак үйлɵрдүн батирлеринин ачкычтарын тапшыруу аземи болуп ɵттү.

Мамлекет башчысы УКМК жана ѲКМ кызматкерлерин жаӊы конуштары менен куттуктап, ɵлкɵдɵ тынчтыкты жана бейпилдикти коргогон, жарандардын ɵмүрүн сактоо үчүн жанын аябаган адамдарга жаӊы батирлердин ачкычтарын тапшырып атканына кубанганын билдирип, «Мамлекет кызматкерлердин социалдык, турмуш кɵйгɵйлɵрүн чечүү, алардын кесипкɵйлүгүн жогорулатуу, материалдык-техникалык базаны чыӊдоо жана жаӊылоо иштерин улантат»,-деп белгиледи.

Ошондой эле Президент тарабынан ар бир үйдүн жашоочуларына 200 миӊ сомдук тастыктамалар тапшырылды.

Жаӊы үйлɵргɵ УКМК жана ѲКМдин кызматкерлеринин үй-бүлɵлɵрү кɵчүп кирди.

Добавить комментарий