НАРЫН ШААРЫНДА “КЫЗЫЛ КӨЙНӨК” АТАЛЫШЫНДАГЫ ДЕН СООЛУК АКЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛӨТ!!!

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары жана меймандары!!!

22-июнда Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында “Кызыл көйнөк” аталышындагы ден соолук акциясы өткөрүлөт.

Иш чара саат 10.00дө Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын тушунан борбордук аянтка чейинки жөө жүрүш менен башталат.

“Дени сак аял-дени сак өлкө!” ураанынын алдындагы бул акциянын негизги максаты аялзатынын ден соолугуна өспүрүм кезинен улгайганга чейин кам көрүү, оорулардын алдын алуу жана ар кандай ооруларды эрте аныктоо зарылдыгына дарыгерлердин гана эмес жалпы коомчулуктун көңүлүн бурдуруу болуп саналат.

Акциянын алкагында аялдардын кан басымы, канындагы канттын өлчөмү, салмагы өлчөнүп, алардын жыйынтыгы менен кеңештер берилет. Ошондой эле цигун, тибет гимнастикасы жана йога боюнча мастер класстар өткөрүлөт.

Акция “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы” мамлекеттик мекемеси тарабынан демилгеленип, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Нарын шаардык мэриясынын колдоосу менен уюштурулат.

Мындай акция биринчи жолу Нью-Йоркто өткөрүлүп, эстафета Европа өлкөлөрүнө берилген. 2012-жылы Россиянын 37 шаары акцияга катышкан. 2016-жылы Кыргызстанга келип, Ысык-Көлдүн жээгинде, 2017-жылы Бишкек, 2018-жылы Ош шаарларында өткөрүлгөн.

Акцияга катышып, пайдалуу жактарын алууга, ден соолугунуздарга кам корууго аракет кылыңыздар!!!

Добавить комментарий