НАРЫН ШААРЫНДА КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯСЫНЫН 93 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн, 1-ноябрда Нарын шаарындагы Жаштар Ордосунда  КР милиция кызматкерлеринин күнү жана Кыргыз  милициясынын  түзүлгөндүгүнүн  93 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Салтанаттуу иш чарага Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу  өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Ж.Дүйшеев райондун акими Т.Жанбоев, ички иштер органдырынын кызматкерлери, ардагерлери жана башка чакырылгандар катышышты.

Шаар мэри Э.Алымкулов, милиция кызматкерлерин майрамы менен куттуктап, ар дайым элибизде милиция бизди коргойт жана адилеттүүлүк орнойт деген ишеним жашап келген жана жашай берет, деген пикирин билдирүү менен, бүгүнкү күндө болуп жаткан ар кыл терс кырдаалдарга туруштук берип, коомдук тартипти, элибиздин коопсуздугун сактап Мекенибиздин кызматында аман, эсен бар болуӊуздар деген каалоо тилектерин жолдоду.

Ошондой эле айрым ички иштер кызматкерлерге шаар башчысы Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин Ардак грамоталарын, ал эми милициянын ардагерлерине акчалай сыйлыктарды тапшырды. Нарын облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулган майрам концерттик программа менен коштолду.

Добавить комментарий