Нарын шаарында кышкы спорт оюндары старт алды.

Бүгүн Нарын шаарындагы Т.Токтосунов атындагы жабык муз аянтында мектеп окуучулары арасында «Кɵӊүлдүү старт»  эстафета оюндары ɵткɵрүлдү.

Кышкы спорт оюндарынын алгачкысы болгон бул иш чара Нарын шаардык мэриясы менен Нарын шаарындагы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бɵлүмү тарабынан уюштурулуп,  окуучулардын кышкы каникул убагында кɵӊүлдүү эс алуусун жана сергек жашоо образын камсыздоо максатын кɵздɵдү.

Иш чараны ачкан Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова балдарды кɵӊүлдүү эс алууга чакырып, Кыргызстандагы 2 заманбап муз аянтынын бири бизде курулуп калганы балдарыбыз үчүн чоӊ утуш экендигин белгиледи.

С. Эсенаманова билдиргендей, жабык муз аянты курула электе «Ала Тоо» стадионундагы футбол аянтына муз тоӊдурулуп берилчү. Бирок бара-бара жер кыртышы бузулуп, футбол аянты жараксыз абалга келе баштагандыктан, анын үстүнɵ муздун айланасын тосууга кар жок болгондуктан быйыл стадионго муз тоӊдурулган эмес. Буюрса кар жааса канаттык-бугилдик эс алуу жайы ишке кирет.

«Кɵӊүлдүү старт» кызыктуу уланып, активдүү катышкан окуучулар жана студенттер белектерге татыктуу болушту.

Белгилей кетсек, бул иш чарага жергиликтүү бюджеттен 13 миӊ сом каражат бɵлүнүп берилген.

Назгүл Мүсүралиева, Нарын шаардык мэриясынын пресс-катчысы.

Добавить комментарий