НАРЫН ШААРЫНДА КҮЗ-КЫШ МЕЗГИЛДЕРИНЕ ДАЯРДЫКТАР БОЮНЧА МАСЕЛЕ ШААРДЫК КОЛЛЕГИЯДА КАРАЛДЫ

Бүгүн, 4-октябрда Нарын шаардык мэриясында Нарын шаарынын экономика тармагын жана калкын 2017-2018-жылдардын күз кыш мезгилине даярдоо жөнүндө шаардык коллегиянын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Жыйында тиешелүү мекеме, ишканалардын күз-кыш мезгилге карата даярдыктары тууралуу маалыматтары угулду.

Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов кышка даярдык көрүүдө келип чыккан маселелерди чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Жогорудагы маселеден кийин КР Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүгө карата Нарын шаарынын аймагында коомдук саясий кырдаалдын туруктуу сакталышын камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө штабдык жыйын өттү.

Добавить комментарий