Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепкананын короосунда бүгүн, 18-мартта Нооруз майрамына карата көжө бышырылып “Көжө күнү” белгиленди. Аталган иш-чара келечек муунга кыргыздын каада-салтын таанытуу максатында жана Нооруз майрамына карата уюштурулган.
Куурма чай, нан азыктарынын түрү жана улуттук тамак-аштар жасалып, дасторкон жайылды. Кыргыз элинин улуттук символу боз үйдүн жанында улуттук оюндар ойнолуп, конокторго көжөнүн келип чыгуу тарыхы тууралуу маалыматтар берилди.
«Жаз мезгили келгенде ачарчылык болуп, айылдарда элдер көчө-көчө болуп бөлүнүп, ушул тамакты бышырып ичишчү экен. Көчө-көчө деп жүрүп, бара-бара көжө деп айтылып калган. Мурун арпа, буудайды кууруп, сууга бышырып, айран кошуп ичишчү. Азыр көжөнүн түрү көбөйүп, ага кошкон кошулмалардын да курамы өзгөрүп кетти. Көжө 7-8 саатта бышат. Ал бышкыча аралаштырып туруу керек. Аралаштырып жатканда айтылган каалоо-тилектер кабыл болот», — деди көжө жөнүндө маалымат берген С.Орозбаков атындагы Нарын облустук китепканасынын Манас бөлүмүнүн башчысы.
Майрамдык салтанатка Ѳкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, орун басарлары, шаар мэри Р.Адиев, вице-мэр С.Эсенаманова, Нарын районунун акими Т.Жанбоев, шаардагы башка улуттун өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Нарын шаардык жана райондук маданият бөлүмүндөрүнүн кызматкерлери Нооруз жөнүндө ырларды аткарып, майрам өзгөчө шаңга бөлөндү.