Нарын шаарында көмүргө карата бекитилген баа бир калыпта кармалууда

Ушул жылдын 2-февралына карата Нарын шаарында кɵмүрдүн бир тоннасы 3 миң 500 сомдон сатылууда. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Учурда кышкыга жете тургандай көмүр топтогон тɵрт отун базаларында,  мындан сырткары шаардын базарында, жеке үйлɵрдɵ ордунан алуу же жеткирип берүү, унаа менен кыдырып сатуу шартына жараша, калкка бекитилген жана жеткиликтүү баада сатуу жүргүзүлүүдɵ.

Ал эми «РТС», «Городок», «Жаӊы-Жол» жана борбордук аймактарда жайгашкан кɵмүр базаларында кɵмүрдүн кɵлɵмү 80 тоннаны түзɵт.

IMG_9508 IMG_9483 IMG_9480 IMG_9476 IMG_9472 IMG_9470 IMG_9468

Добавить комментарий