Нарын шаарында көмүр-отуну сатылууда

Нарын шаарынын көмүр-отун базаларында көмүр-отуну сатылууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Нарын шаарында уюшулган кɵмүр отун базаларында, мындан сырткары шаардын базарында, жеке үйлɵрдɵ, ордунан алуу же жеткирип берүү жана унаа менен кыдырып сатуу шартына жараша, 3 миң сомдон 3 миң 500 миң сомго чейин кɵмүр сатылууда.

Ал эми кɵмүр тартып келүү жана сатуу иштери дагы да болсо улантылууда.

Маалымат үчүн айтсак, 2017-жылдын 1-январынан баштап 9-январга чейин Кара-Кече көмүр кениндеги “Кыргыз көмүр” ишканасынан сапаттуу көмүр убактылуу чыкпагандыктан, Нарын шаарына көмүр отуну тартылып келинбей токтоп турган.

Добавить комментарий