Нарын шаарында көп балалуу энелер сыйланды

Бүгүн, 16-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин 2016-жылдын 7-майындагы №119, №120 — Жарлыгынын негизинде Нарын шаарынын мэри Р.Адиев өзүнүн иш бөлмөсүндө алты жана андан көп балдарды төрөп өстүргөн 12 энеге мамлекеттик сыйлыктарды  –“Баатыр эне” медалдары жана “Эне Даңкы” төш белгилери ыйгарылды.

 Нарын шаарында 389 баатыр энелер каттоодо турса, алардын эң улуусу 1925-жылкы эне болсо, эң жашы болуп 1982-жылы туулган эне эсептелет.

Медаль жана төш белги менен бирге Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен алардын ар бирине баалуу белектер берилди.

img_9311 img_9312 img_9315 img_9319

Добавить комментарий