НАРЫН ШААРЫНДА КӨЧӨЛӨРДҮ ИРЕТКЕ КЕЛТИРҮҮ ИШТЕРИ УЛАНТЫЛУУДА

Нарын шаардык мэриясы тарабынан быйыл шаар ичиндеги көчөлөрдү оңдоп-түздөө, тротуарларды жаңыртуу иштерине көнүл бурулуп, жыл башында бир катар иш мерчемдери бекитилген. Каражаттын бөлүнүшүнө ылайык жумуш ыргагы ырааты менен жүргүзүлүп жатат.

Бүгүнкү күндө Нарын шаарынын МСО аймагындагы М. Мырзабеков көчөсүнөн батышты карай 708 метр жолдун тротуарлары жаңыртылып, таш таман төшөлүүдө.

Бул долбоор республикалык бюджеттин үлүштүк (дем берүүчү) гранты аркылуу ишке ашууда. Жалпы сметалык баасы 2 миллион 694 миң сомду түзөт. Анын ичинен 680 миң 353 сому Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржыланды.

Курулуш ишин “Нарынстройсервис”жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүүдө.

Добавить комментарий