НАРЫН ШААРЫНДА ЛЫЖА ТЭЭП ЖАРЫШУУ БОЮНЧА АЧЫК БИРИНЧИЛИК БОЛУП ӨТТҮ

Бүгүн, 15-февралда Нарын шаарында өспүрүмдөр арасында лыжа жарышы боюнча ачык биринчилик болуп өттү.

Нарын шаарынын балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук мектеби тарабынан уюштурулуп жаткан жарышка Нарын шаарынан, Нарын районунан жана Ат-Башы районунан жаш спортчулар келишкен.

Соңку учурда жанданып келе жаткан бул спорттук мелдешке Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров, КРнын лыжа жарышы боюнча федерациясынын президенти Назгуль Мусакожоева, лыжа жарышы боюнча СССРдин спорт чебери Айымкан Стамаканува, аталган спорт мектептин мугалимдери жана жаш спортчулар катышты.

Ачык биринчиликте алдыңкы орунду алгандарга Нарын шаарынын балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук мектебинин медалдары жана баалуу белектер тапшырылды.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий