Нарын шаарында майрам күндɵрү 356 метр куб же 24 автоунаа таштанды чыгарылды.

Бул адаттагы күндɵргɵ салыштырмалуу эки эсеге кɵп.  Ѳзүбүздүн үйүбүздɵн чыккан майрамдык дасторкондун калдыктарынан эле шаарда канча таштанды топтолгонун болжоп билсек болот.

«Таза Нарын» ишканасынын жетекчиси Алмаз Сурановдун айтымында, ишканада 19 бала таштанды чыгарып иштейт. Күнүнɵ 7-8 автоунаа менен тынбай таштанды ташылат. Дем алыш күндɵрү  нɵɵмɵт менен 3-4 автоунаа эл кызматында болот. Бул жолу да  башка кызмат адамдары 1-январдан 4-январга чейин эс алып атса, «Таза Нарындын» кызматкерлери адаттагыдай эле жумуш үстүндɵ болуп, шаар тургундарынын таштандыларын чыгаруу менен алектеништи.

-Майрам күндɵрү иштебесек шаарды таштанды басып калмак. Жаӊы жылдын алдында базардан ташыган нерселердин баары иштетилип таштанды болуп чыгат да. Шаар тургундары малдын кыгын, чɵбүн, терилерин, анын үстүнɵ ысык күлдү тɵгүп коюп баса беришет. Анан түтɵп эле жатып калабыз. Экология бизди күнɵɵлɵйт. Ал тургай карды да тɵгүп кетип атышат,-дейт ишкананын жумушчусу Зарылбек Чокоев.

Ал эми «Таза Нарын»тишканасынын дагы бир жумушчусу Белек Медеров дипломун кɵтɵрүп алып жумуш жоктугунан таштанды чыгарып жүргɵн балдар бар экенин, майрам күндɵрү,  айрыкча балдардын майрамында колу бошобогондуктан балдарын эс алуу жайларына алып чыга албай калганда абдан ыза болоорун  айтып, алардын эмгегин билбеген айрым адамдарга нааразылыгын жашырган жок.

Чындыгында бул балдардын түйшүгүн аны кылып кɵргɵн адам гана сезбесе сɵз менен айтып жеткирүү кыйын. Үй-бүлɵсүн ысык-суукка карабай маӊдай тери, ак эмгеги менен багып, ошол эле учурда коомго ак кызматын ɵтɵп жаткан ага-инилерибизге алкыштан башка эч нерсе айта албайбыз.

 

 

 

 

 

Назгүл Мүсүралиева, Нарын шаардык мэриясынын пресс-катчысы.

 

Добавить комментарий