НАРЫН ШААРЫНДА МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН КҮНҮНӨ АРНАЛГАН СПОРТТУК МЕЛДЕШ БАШТАЛДЫ

Бүгүн, 28-июнда Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин уюшулгандыгынын 15 жылдыгына жана 23-июнь-Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө арналган спорттук мелдеш башталды.

“2019-Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын” алкагында өткөрүлүп жаткан мелдештин максаты мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу жана саламаттыгын чыңдоо; спорттун түрлөрүн кеңири жайылтуу менен спортко болгон кызыгууларын арттыруу; мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ынтымакты бекемдөө болуп саналат.

Мелдеш Нарын шаарындагы “Газпром балдарга” спорт комплексинде спорттун 8 түрү (шахмат, тогуз коргоол, стол үстүндөгү теннис, кол күрөш, аркан-тартыш, баскетбол, волейбол жана кичи футбол) боюнча өткөрүлүүдө.

Добавить комментарий