Нарын шаарында Мамлекеттик туу жана Ак калпак күндɵрү белгиленди

Бүгүн, 3-мартта Нарын шаарынын «Теӊир-Тоо» аянтында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү жана 5-март Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Алгач ак калпак кийип, кыргыз туусун желбиретип, «Жашасын Кыргызстан» деген чакырыктын алдында, жаштардын, студенттердин, мектеп окуучулардын тобу борбордук аянтка бет алып, сыймыктануу менен эки тараптан келип тизилишти.

Салтанатты шаар мэри Р.Адиев ачып, эгемендүү Кыргызстандын желегин көтөрүп, туунун астында кыргыз эли ак калпагын кийип, ар дайым биримдикте, татыктуу мамлекеттин тактыктуу атуулу болуп жүрɵ беришине тилектештигин билдирип, бир күндɵ белгиленип жаткан кош майрам менен шаар тургундарын кызуу куттуктады. Жана илгертен ата — бабаларыбыз аздектеп кийип келген баш кийимибиз калпакты бүгүнкү күндө «Ак калпак» күнүндө гана кийип көчөгө чыкпастан, ар дайым башынан түшүрбөй кийип жүрүшсө, сырттан келген конокторго дагы жагымдуу сезимдер жаралаар эле, деп мэр ɵз сɵзүндɵ белгиледи.

Ал эми эки маанилүү датага карата уюштурулган иш чара шаардык маданият бɵлүмүнүн жана мектеп окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

Добавить комментарий