Нарын шаарында «Мамлекеттүүлүктү бекемдɵɵ жылы» маданий иш чарадан башталды

15-февралда Нарын шаардык мэриясы “Мамлекетүүлүктү бекемдөө” жылына жана мэрия менен шаардык кеңештин уюшкандыгынын 10 жылдыгына карата “Талантка көрөнгө — элдик өнөрдө” аталыштагы «Ыр кесе» иш чарасын өткөрдү.

Концерт М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрында өтүп, аны Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова “Кыргыз жери” аттуу ыры менен баштап берди. Ошондой эле мэр Баатырбек Жээналиев да сахнага чыгып “Ѳнɵрдү билгендердин эсиндемин” аттуу ырды аткарды.

Концерт мэрия менен кеңештин кызматкерлери тарабынан даярдалып, алар манас айтып, ырдап, бийлеп, комузда кол ойнотуп өз өнөрлөрүн шаардыктарга тартуулашты. Бул концерт менен мэрия “Мамлекетүүлүктү бекемдөө” жылына карата шаардык мекемелер аралык “Ыр кесе” кароо-сынагын баштап берди.

«Ыр кесенин» негизги максаты — кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, салт-санаасын, үрп-адаттарын, маданиятын сактап калуу менен бирге мамлекеттүүлүктү бекемдɵɵгɵ,  ар бир жарандын активдүү катышуусун үндɵɵболуп саналат.

Концертсоңунда шаар башчысы Б.Жээналиев сөз сүйлөп, “Ыр кесенин” кезегин шаардык жашылдандыруу мекемесине, №1 Т.Сатылганов атындагы орто мектеби менен №15 балабакчанын жамаатына өткөрүп берди.

Белгилей кетсек, жобого ылайык ар бир топ  кызуу даярдыктарды кɵрүп  жатышат.

Февраль айынан июнь айына чейинуланган иш чара, атайын комиссия тарабынан бааланып, жыйынтыгы Нарын шаардыкмэриясынын жана Нарын шаардык Кеӊешинин уюшулгандыгынын 10 жылдыгына карата 2014-жылдын июль айында чыгарылып, жеӊүүчүлɵргɵ атайын дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылат.

Добавить комментарий