НАРЫН ШААРЫНДА МЕКЕМЕ-ИШКАНАЛАРДЫН ЭМГЕК ЖАНА АТКАРУУЧУЛУК ТАРТИБИ КАРАЛДЫ

Бүгүн, 25-декабрда Нарын шаардык мэриясында коллегиянын кезектеги жыйыны ɵткɵрүлүп, анда Нарын шаарындагы мекеме-ишканалардын эмгек жана аткаруучулук тартиптери, иш кагаздарынын, арыз-даттануулардын аткарылышынын абалы тууралуу маселе каралды.

Жыйында мэриянын кызматкерлери тарабынан шаардагы ар бир мекеме-ишкананын эмгек тартиби, иш кагаздарына болгон мамилеси, элдин арыз даттанууларын канчалык деӊгээлде канааттандырып жатканы, камсыздандыруу иштери боюнча билдирүү жасалып, кемчиликтер ортого салынды.

Коллегияда Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов иш кагаздары мекеменин жүзү экенин, ар бир жетекчи эмгек жана аткаруу тартибин ɵзүнɵн баштаганда гана ал иштеген жамаатта ийгилик болоорун айтып, мекеме жетекчилерин тартипке чакырды.

Коллегиянын токтому менен бир катар мекеме жетекчилерине эскертүү берилип, каралган маселе боюнча милдеттер белгиленди.

Ошондой эле бардык тейлɵɵ ишканаларына майрам күндɵрүнɵ карата күчɵтүлгɵн тартипте иш алып баруу тапшырмалары берилди.

Добавить комментарий