Нарын шаарында мектеп окуучуларынын Республикалык спартакиадасы старт алды

Туура 30 жылдан кийин Нарын облусунда мектеп окуучуларынын Республикалык спартакиадасы кайрадан старт алды. Ѳздөрүнүн чеберчилигин көрсөтүп, медалдарга ээ болуу үчүн бардык облустардан спортсмен-окуучулар келишти. 2016 жылдын 3-7-май күндөрү өтүлүүчү Республикалык спартакиада “Тарых жана маданият” жылына жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналат.

Спартакиаданын ачылыш аземи бүгүн, 4-майда Нарын шаарындагы “Ала-Тоо” стадионунда өттү. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаар тургундары жана спорт күйөрмандары катышышты.

Салтанаттуу бөлүктү шаар мэри Р.Адиев ачып, өлкөбүздүн ар тарабынан келген жаш спортчуларды тосуп алууга, спартакиаданы өткөрүүгө колдон келишинче даярдыктар көрүлгөнүн жана шаарыбызга биринчи жолу келип жаткандарда, Теңир-Тообуз туурасында жагымдуу таасир калат деген ой-пикирин билдирип, катышуучуларга мелдештердеги ийгиликтерди жана жеңиштерди каалады.

Андан кийин спортчулардын парады сунушталып, аны менен бирге алдынкы спорт кызматкерлеринин аттары да аталып кетти.

Салтанаттын жүрүшүндө келген конокторго чакан концерттик программа тартууланды.

Ал эми төрт күн бою мелдештер спорттун ордо, теннис, шахмат, эркин, улуттук, грек-рим күрөш түрлөрү  боюнча Нарын шаарында, Ат-Башы районунда жана Нарын районунун Дөбөлү айылында өткөрүлөт.

Спорттун башка түрлөрү боюнча мелдештер Бишкек шаарында улантылат жана мектеп окуучуларынын Республикалык спартакиадасынын салтанаттуу жабылышы 2016-жылдын 17-майында Бишкек шаарында өтөт.

Маалымат үчүн айтсак, спартакиада төрт этап менен өткөрүлмөкчү: 1-этап жалпы билим берүүчү мектептер арасында массалык старттар жана мелдештер; 2-этап райондук жана шаардык мелдештер; 3-этап райондордун жана шаарлардын курама командаларынын катышуусу менен өтүлүүчү облустук мелдештер; 4-этап спорттун 15 турү боюнча республикалык финалдык мелдештер, алардын ичинен алты түрү Нарын облусунда өткөрүлүп баштады.

Добавить комментарий