НАРЫН ШААРЫНДА «МЕН КЫРГЫЗСТАНДЫ ӨНҮКТҮРӨМ» ДОЛБООРУНА БИЗНЕС-ИДЕЯЛАР СУНУШТАЛДЫ

“Мен Кыргызстанды өнүктүрөм” долбоорунун алкагында «Жеке бизнести түзүү жана бизнести өнүктүрүү»  аталышта бүгүн, 17-майда Нарын шаарынын Жаштар Ордосунда тренинг болуп өттү. Тренинг КР Мамлекеттик мүлк фондусу тарабынан уюштурулду. Анын негизги максаты – жаштарга жеке бизнес-идеяларды жана аларды ишке ашыруу боюнча перспективдүү программаларды иштеп чыгууну үйрөтүү жана багыт берүү болуп саналат.

Учурда көптөгөн адамдар, насыя алып, аларды туура пайдалана албай, аны кайтаруу убагы келгенде, оор финансылык абалга учурап калышууда.  Тренингдин жүрүшүндө финансылык сабаттуулук боюнча да кеп-кеңештер айтылды.

Тренингке  — МКБ «Ишкердикти өнүктүрүү» башкармасынын төрагасы Чынгыз Макешов,»Мен Кыргызстанды онуктуром» долбоордун башчысы Зарема Исмаилова, бизнес кенешчи  Рыспек Бекембаев, Нарын шаарынын 1-вице мэри Н.Молдокадыров, 250 гө чукул Нарын шаарындагы  бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү, жеке ишкерлер, студенттер жана кызыккан жашоочулар катышты. Катышуучулар тарабынан суроолор берилип жана бизнес проектилер сунушталып жатты. Анда өзгөчө туризм, дыйканчылык, кол – өнөрчүлүк, кийим тигүү жана башка багыттагы  бизнес-идеялар айтылды.

Ал эми  1-вице-мэр Н.Молдокадыров, сунушталып жаткан долбоорлорду ишке ашырганга мэрия тарабынан да колдоолор көрсөтүлөөрүн атып, “Мен Кыргызстанды өнүктүрөм” долбоорунун алкагында көптөгөн жаштар өз өлкөсүнүн, анын ичинде шаарынын экономикалык-социалдык абалын көтөрүү үчүн пайдалуу салымын кошо алат деген пикирин билдирди.

Белгилей кетсек, долбоордун алкагында эң мыкты деп тандалып алынган бизнес-идеялар ар бир аймактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Мамлекеттик мүлк фондусу тарабынан каржыланат. Ал эми инвестициялык фонд 10 млн. сомду түзөт.

 

Добавить комментарий