НАРЫН ШААРЫНДА МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн, 9-октябрда Нарын шаарында мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Иш-чара  Нарын шаарынын мэри Э.Алымкуловдун, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы  Ж.Ботокановдун, шаардын депутаттарынын жана КРѲ облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын  кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

Майрамдык салтанатка шаардагы сегиз орто мектептин мугалимдери, жети балдар бакчаларынын тарбиячылары, жогорку жана орто жайлардын окутуучулары жана башка билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү чакырылган.

Мугалимдер күнүнө арналган салтанатты Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Мамбетов ачып, мугалимдерди майрамы менен куттуктап, талыкпас иштери үчүн ыраазычылык билдирип, кийинки куттуктоо сөзүн Нарын шаарынын мэри Э.Алымкуловго узатты.

Ардактуу кесип ээлерин майрамдары менен Э.Алымкулов куттуктап, келечек муундун ɵсүп-ɵнүгүүсүнɵ, билим берүүсүнɵ кошкон зор салымдары үчүн тереӊ ыраазычылык билдирүү менен, жоопкерчиликтүү жана түйшүктүү иштерине жетишкендиктерди, ийгиликтерди каалап ɵттү. Ошондой эле шаардагы билим берүү тармагында жүрүп жаткан өзгөрүүлөр, орто мектептерде, балдар бакчалардагы оңдоп-түздөө иштери жана  алардын аракети менен ишке ашып жаткан долбоорлорго токтоло кетти.

Майрамдын жүрүшүндө айрым мугалимдер Нарын шаардык мэриясынын жана Кеӊешинин Ардак грамоталары менен сыйланышты, мындан сырткары КР билим, илим минситрлигинин

Мындай майрамдык куттуктоолорун Нарын шаардык Кеңештин төрагасы Ж.Ботоканов, шаардын депутаттары, облустук усулдук билим берүү борборунун өкүлдөрү  да жолдошуп, атайын сыйлыктарын тапшырышты.

Ал эми быйылкы иш чарада ардактуу эс алууда жүргɵн мугалимдерге да кɵӊүл бурулуп, шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан белектер берилди. Мугалимдердин урматына окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

 

 

Добавить комментарий