НАРЫН ШААРЫНДА МУГАЛИМДЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ.

4-октябрда Нарын шаарында Эл аралык мугалимдердин күнүнɵ карата салтанаттуу иш чара ɵткɵрүлүп, ардактуу кесип ээлеринин түйшүктүү эмгегине баа берилип, эмгек алдыӊкыларына сыйлыктар тапшырылды.

Салтанаттуу иш чараны Нарын шаардык билим берүү берүү бɵлүмүнүн башчысы Кубан Мамбетов ачып, кесиптештерине каалоо-тилегин арнады.

Майрамдык иш чарага катышкан Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова шаар мэри Эмилбек Алымкуловдун жана ɵзүнүн атынан билим берүү тармагынын жалпы кызматкерлерине куттук жолдоп, алардын келечек муунду тарбиялоодогу бийик ролун баса белгиледи. Ошондой эле билим берүү тармагы шаардагы бардык коомдук иштерге жигердүү катышып, айрыкча шаардын 150 жылдык мааракесине зор салым кошушкандыгына сыймыктануу менен токтолуп, тереӊ ыраазылык билдирди. Аларга жакшы тилегин арноо менен бир катар эмгек алдыӊкыларына Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеӊешинин Ардак грамоталарын, Ыраазылык каттарын тапшырды.

Бул күнү кесип ээлерин куттуктаган Нарын шаардык Кеӊешинин башкы адиси Акылай Жапаралиева «Нарын шаарынын Ардактуу атуулу» наамын №17-«Ынтымак» балдар бакчасынын тарбиячысы Гүлнара Усубалиевага жана №8-Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектебинин мугалими Аймира Токтогуловага ыйгарды.

Майрамдык кечеде ардактуу эс алуудагы жана бүгүнкү күндɵ жигердүү эмгектенип жаткан кесип ээлерине Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын, Нарын шаардык билим берүү бɵлүмүнүн, Кесип бирликтер уюмунун сыйлыктары тапшырылып, мугалимдердин жана окуучулардын жагымдуу музыкалык чыгармалары тартууланды.

Добавить комментарий