НАРЫН ШААРЫНДА МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИКТЕГИ МҮЛКТҮ АЖЫРАТУУ ТАРТИБИ ИШТЕЛИП ЧЫГУУДА.

Бүгүн, 14-майда Нарын шаардык мэриясында Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу тартибин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун отуруму болуп ɵттү.

Отурумга Нарын шаарынын биринчи вице-мэри, жумушчу топтун башчысы Давид Курманов жана топтун мүчɵлɵрү, ошондой эле ЮСАИДдин «Ийгиликтүү аймак» долбоорунун эксперттери катышты.

Жыйында Нарын шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктү ажыратуу тартибинин жаӊыдан иштелип чыккан долбоору презентацияланып, алымча-кошумчасы менен толукталып, Нарын облустук Юстиция башкармалыгына юридикалык экспертизага жɵнɵтүлдү.

Андан соӊ долбоор Нарын шаардык Кеӊешинин кароосуна сунушталып, коомдук талкууга коюлмакчы.

Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу тартибин иштеп чыгуу долбоору Кыргыз Республикасынын Турак Жай кодексин жана Кыргыз Республикасынын «Мүлккɵ муниципалдык менчик» жɵнүндɵгү мыйзамын аткаруу максатында иштелип чыкты.

Долбоорду иштеп чыгууга ЮСАИДдин «Ийгиликтүү аймак» долбоорунун эксперттери кɵмɵк кɵрсɵттү.

Добавить комментарий