НАРЫН ШААРЫНДА МЫЙЗАМСЫЗ КҮРКѲЛѲРДҮ АЛДЫРУУ ИШТЕРИ УЛАНТЫЛУУДА.

Бүгүн, 13-мартта Нарын шаарындагы борбордук базарды ирээтке келтирүү, мыйзамсыз күркɵлɵрдү алдыруу иштери улантылды.

Тактап айтканда, С.Орозбаков жана Шуллер кɵчɵлɵрүнүн кесилишинде, «Чолпон» базарынын бурчунда мыйзамсыз жайгашкан канцелярдык товарларды жана унаа тетиктерин сатуучу күркɵлɵр, ошондой эле «Оптима» банкынын алдындагы кийим-кече жана аки саткан соода түйүндɵрү күч менен алынды.

Мындай аракет базар ирээтке келгиче улантыла бермекчи.

Добавить комментарий