НАРЫН ШААРЫНДА МЫЙЗАМСЫЗ СООДА КҮРКѲЛѲРҮ АЛЫНУУДА.

Бүгүн, 28-февралда Нарын шаардык мэриясынын алдында түзүлгɵн атайын комиссия тарабынан борбордук базардын айланасын ирээтке келтирүү, мыйзамсыз коюлган күркɵлɵрдү алдыруу максатында иштиктүү аракеттер башталды.

Маалымат үчүн айта кетсек, Нарын шаарынын мэринин «Нарын шаарынын кɵчɵлɵрүн жана борбордук базарлардын айланасын ирээтке келтирүү жɵнүндɵгү» 2017-жылдын 16-августунда чыккан №282-б буйругун, ошондой эле Нарын шаардык прокуратурасынын 2018-жылдын 2-ноябрындагы № 11-43 к-18 сандуу мыйзам бузуучулукка жол бербɵɵ менен тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү боюнча сунушун аткаруу максатында «Нарын шаарындагы кɵчɵлɵрдүн боюнда жана борбордук базарда мыйзамсыз коюлган павильондорду, контейнерлерди жана башка объектилерди алдыруу» боюнча шаардык мэриянын алдында атайын комиссия түзүлгɵн.

Бүгүн аталган комиссия тарабынан С.Орозбаков кɵчɵсү менен Шуллер кɵчɵсүнүн кесилишиндеги жɵɵ адамдар басуучу жерге мыйзамсыз коюлган ашкана күч менен алынды.

Буга чейин борбордук базарда мыйзамсыз коюлган объектилер менен курулуштардын ээлерине Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат кɵрсɵтүү ишканасы тарабынан тиешелүү билдирүүлɵр берилген.

Бирок мыйзамсыз коюлган объектилер менен курулуштардын ээлери билдирүүдɵ кɵрсɵтүлгɵн мɵɵнɵттɵ ɵз ыктыяры менен бошотуу же берилген билдирүүгɵ макул болбосо тиешелүү органдарга даттануу иш аракеттерин кɵрүшкɵн эмес.

Ошондуктан Нарын шаардык мэриясы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵгү» мыйзамынын 41, 44-беренелеринде кɵрсɵтүлгɵн ыйгарым укуктары менен милдеттерин аткарып, шаардын кɵчɵлɵрүндɵгү жана борбордук базардагы мыйзамсыз коюлган объектилер менен курулуштарды алдыруу, чоӊ жолду бошотуп, адамдар басуучу аллеяларды ачтыруу иштерин баштады.

Бул иштер базар ирээтке келгенче байма-бай улантыла бермекчи.

 

Добавить комментарий