НАРЫН ШААРЫНДА МЭРДИН КУБОГУНА АРНАЛГАН СПОРТТУК МЕЛДЕШ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ.

 

Жамааттардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу, сергек жашоо образын калыптандыруу максатында үстүбүздɵгү жылдын май айынан сентябрь айына чейин шаардагы мекеме-ишканалар арасында Нарын шаарынын мэринин кубогуна арналган спорттук мелдештер ɵткɵрүлүп келген.

Волейбол, баскетбол, футбол, шахмат, кол күрɵш, стол үстүндɵгү теннис, таяк тартыш оюндары боюнча ɵткɵрүлгɵн мелдештерге активдүү катышып, жеӊүүчү деп табылган командаларга кечээ, 30-октябрда сыйлыктар тапшырылды.

Мырзалар арасында биринчи орунга Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын, экинчи орунга Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Нарын облусундагы башкармалыгынын, үчүнчү орунга Нарын медициналык колледжинин, тɵртүнчү орунга Жогорку чыӊалуудагы электр тармактар ишканасынын, бешинчи орунга Нарын шаардык билим берүү бɵлүмүнүн командалары татыктуу болуп, кубок, дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды.

Ал эми айымдар арасында биринчиликти «Кадыр-Ата», экинчиликти маданият тармагынын, үчүнчү орунду облустук үй-бүлɵлүк дарыгерлер борборунун, тɵртүнчү орунду райондук үй-бүлɵлүк дарыгерлер борборунун, бешинчи орунду шаардык билим берүү бɵлүмүнүн командалары камсыздашты.

 

 

Добавить комментарий